Өзгөндө 9 жылдан бери курулуп жаткан милиционерлердин спорт комплекси акыры иштеди

Аталган спорт комплекстин имараты мындан тогуз жыл мурда курула баштаган
Sputnik

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Өзгөн РИИБинин милиция кызматкерлери машыгуучу спорт комплекс ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Анын айтымында, спорт комплекстин имаратынын курулушу 2009-жылы башталып, жалпы сметалык баасы 12 миллион 769 миң сомду түзгөн.

"Анын ичинен 550 миң сом акча каражаты жергиликтүү эл тарабынан марафон аркылуу топтолсо, калган каражат мамлекеттик казынадан каржыланды. Спорт комплексте машыккан кызматкерлер үчүн бардык тиешелүү шарттар түзүлдү", — деди Аширбаев.

Ачылыш аземине Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов катышып, жергиликтүү милиция кызматкерлерин жаңы машыгуу жайынын ачылышы менен куттуктады.

Эске салсак, өткөн айда Кара-Суу районундагы Арашан кичи шаарчасында 8 миң адамды тейлөөчү таяныч пункту ачылган. Имаратты курууга жалпы бир миллион сомго жакын акча каражаты жумшалган.