УКМК: элди Сирияга барууга үгүттөгөн киши кармалды

Кармалган жаран Кыргызстанда жихадды жайылтканы үчүн соттолуп чыккан
Sputnik

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Элди Сирияга барууга үгүттөдү деп шектелип кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Шектүү 23-январда колго түшүрүлгөн. Атайын кызматтын маалыматына караганда, 35 жаштагы киши буга чейин жихадды жайылтканы үчүн соттолгон. 

Задержание кыргызстанца, подозреваемого в причастности к вербовке и переправке граждан в зону конфликта в Сирии

Жашаган үйүн тинтүү учурунда диний багыттагы адабияттар менен флэш-карта, дисктер табылган.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жүргүзгөн теологиялык экспертизанын жыйынтыгы табылган материалдар экстремисттик маанайда экенин аныктаган.

УКМКнын тергөө органдары тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 299-2-беренеси (экстремисттик материалдарды даярдоо, жайылтуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланып жатат.