БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Москва шаарынын жашоочусу ооруканага чекесинде туруп калган ок менен келген. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.
Окуя 3-февралда Гольяново районунда болгон. Бет кап кийип алган ууру 21 жаштагы кызды коркутуп, тапанча такап, акча талап кылган. Кыз акча бергенден баш тарткандан кийин ууру ок чыгарып, кыздын эч нерсесин албай, качып кеткен.
Жабырлануучу ооруканага эптеп жеткен. Дарыгерлер кыздын чекесиндеги окту алып чыккандан кийин ал полицияга арыз жазып, андан ары үйүнө кеткендиги айтылат.
Тартип сакчылары бул факты боюнча каракчылык беренеси менен иш козгогон. Алар кызга кол салды деп 20 жаштагы жарандан шек санап жаткандыгын, учурда иликтөө иштери башталгандыгын айтышты.