Радио

Бусурманкулов: авиакомпаниялар учабыз десе Аксы аэропорту ишке даяр

"Манас" эл аралык аба майданынын Инфраструктуралык өнүгүү дирекциясынын башчысы Абдималик Бусурманкулов аталган аэропортто инфраструктура сакталып калганын айтты
Sputnik
Бусурманкулов: авиакомпаниялар учабыз десе Аксы аэропорту ишке даяр

Авиакомпаниялар учабыз десе Аксы аэропорту ишке даяр. Бул тууралуу Абдималик Бусурманкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аэропортто анча-мынча майда ремонт иштерин жасоо керек.

"Аксыга бирин-серин учактар учуп, билеттер кымбаттаган соң ишин токтоткон. Бирок ага карабастан Аксы аэропортундагы инфраструктураны сактап калганбыз. Ал жакта биздин кызматкерлерибиз да бар. Эгерде авиакомпаниялар учабыз деп сунуш берсе биз даярбыз", — деди Бусурманкулов.

Ал аталган маселе буга чейин Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөндүгүн кошумчалады.

Баса, учурда Кыргызстандан 9 мамлекеттин 21 шаарына түз каттам бар.