Радио

Кулумбетов: үйдөгү жылуулуктун көпчүлүгү шып аркылуу чыгып кетет

KyrSEFF программасынын консультанты Жаныбек Кулумбетов үйдү жылуулап жатканда шыпка жакшылап көңүл буруу керектигин айтты
Sputnik
Кулумбетов: үйдөгү жылуулуктун көпчүлүгү шып аркылуу чыгып кетет

Үйдөгү жылуулуктун көпчүлүгү шып аркылуу чыгып кетет. Бул тууралуу Жаныбек Кулумбетов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, үйдү жылуулагандан кийин сегиз тонна көмүр жаккандар үч тонна жагып калышкан.

"Биз от жагып же электр энергиясын, газды колдонуу менен жылуулук алабыз. Бирок үй туура эмес курулуп, жылчыкчалар көп болсо анда жылуулук бат эле жоголот. Мисалы, жылуулуктун 15 пайызы пол, 25 пайызы дубал, 15 пайызы терезе аркылуу чыкса, калган бөлүгү шып аркылуу кетет. Ошентип эптеп жылытканыбыздан майнап чыкпай калат", — деди Кулумбетов.

Эксперт үйдү жылуулап жатканда шыпка жакшылап көңүл буруу керектигин кошумчалады.