БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Апта ортолоп калганда Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев кызматтык унаа жана жардамчы маселесин көтөрүп чыкты. Бирок ал кырдаалды көркөмдүк менен айтып жибергендиктен коомчулуктун талоонуна калды. Sputnik Кыргызстан агенттиги узаган жумада соцтармактан орун алган негизги окуялардын топтомун сунуштайт.
1. Мен уялам… Эл өкүлү "өз унаамда баратып маршруткадан түшүп жумушка жөө келе жаткан кесиптештеримди көрүп уялам, шапкемди ылдый басып өтүп кетем" деп балп эткен. Мындан улам соцтармакта "мен уялам" деген сөз трендге айланды. Ким эмнеден уялышы керектигин да жазып жатышты. Арасында депутатка мынтип ыр аркылуу жооп бергендер да болду.
2. Өрттөнгөн базардын асмандан көрүнүшү. Шейшемби күнү эртең менен "Ош" базарынын кире беришинде жайгашкан "Сейтек" кичи базарынан өрт чыгып 3500 чарчы метр аянтты жалмап кетти. Базар жетекчилиги кырсыктан 250гө чукул соодагер зыян тартканын айтууда.
3. Шевченконун жеңиши. Fox Sports: UFC телеканалы Шевченко менен Кечоейранын беттешинин эң мыкты учурларын жарыялады. Кыргызстандык мушкер экинчи раундда атаандашын муунтуп жеңип алган. Видеодон оңдон, солдон тийген соккуларды, көтөрүп чабуу жана муунтуу ыкмаларын даана көрүүгө болот.
4. Лезгинка бийлеген Шевченко. Беттештин соңунда жеңишине кубанган мушкер лезгинка бийлеп жиберген.
5. Эки достун оюну. Ортодо казан, эки четине маңдай-тескей отурган достор бири-бирине көө шыбап ойношууда. Эреже боюнча оюндан жеңилгени бетине көө жейт экен. Мына, достор ушундай ойнош керек…
6. Салам Баткен! Чех балдары Прагадан Баткенге салам айтышты. Болгондо да кыргызча салам жолдошкон. Аталган видеону Канышай Шералиева Facebook баракчасына жүктөп "менин чехиялык окуучуларымдан сүйүктүү шаарыма арналат" деп жазган.
7. Элиталык үйдүн үстүндө отурат. Тамада Аман Ибраев аламан улактагы бир атты видеого тартып өзгөчө комментарий берген. "Бир үйдүн же Land Cruiser унаасынын үстүндө отурат. Бул ат 40 миң долларлык. 36 миң долларга бербей коюптур. Мен болгондо сатып жибермекмин" деп чабандеске таң берүүдө.