Өзбекстан аркылуу товар ташып келүү арзандай баштады

Жаңы эреже темир жол аркылуу келе турган жүктүн бардык түрлөрүнө тиешелүү.
Sputnik

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Өзбекстан аркылуу темир жол менен товар ташып келүү арзан боло баштады. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. 

Бул туурасында премьер-министр Сапар Исаковго транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов маалымат берген.

Жаңы эреже 2018-жылдын 1-январынан тарта 2018-жылдын 31-декабрына чейин каралган. Бул КМШга кирген өлкөлөрдүн тариф саясатынын алкагында жасалган. 

Маалыматта бул эреже Өзбекстандын аймагы аркылуу Кыргыз темир жолдорунун Түштүк бөлүмүн көздөй транзит менен өткөн жана кайра ташылган жүктүн бардык түрүнө тиешелүү экендиги айтылган. 

"Бардык жүктү ташууда – 0,8 жана көлөмү 300 миң тоннадан ашканда 0,7 өлчөмүндөгү төмөндөтүлгөн коэффициенттер орнотулган. Бул мурдагыга караганда 20-30 пайызга арзандады", — деп айтылат маалыматта. 

Ош бажысынан он эсе көп акча чогула баштады. Кулматов Исаковго маалымат берди
Исаков Өзбекстан аркылуу Кыргыз темир жолунун түштүк бөлүмүнүн станцияларына келген жүккө тарифтердин төмөндөтүлүшү зарыл товардын түрүн тез жеткирүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөрүн белгилеген. 

"Товарларды жана жүктү республикабыздын түштүгүнө Өзбекстандын аймагы аркылуу транзиттик ташуу – бул тез ишке ашырылчу, эң негизгиси, коопсуз ыкма. Анын жардамы аркылуу "Бишкек-Ош" унаа жолундагы трафикти кескин бошотууга мүмкүндүк түзүлөт. Анткени учурда Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарына ташылчу бардык товарлар аталган магистраль аркылуу унаа транспорту менен жеткирилет", — деп белгилеген премьер-министр.

Кыргыз-өзбек мамилелери жанданып, мамлекет жана өкмөт башчыларынын эки өлкөгө расмий жана жумушчу сапарларынан кийин кызматташуу боюнча бир топ документтерге кол коюлган.