Ош бажысынан он эсе көп акча чогула баштады. Кулматов Исаковго маалымат берди

Исаков менен Кулматов аталган кызматтын 2017-жылдагы жана 2018-жылдын январында аткарылган иштердин жыйынтыктарын талкуулашты
Sputnik

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Өкмөт башчы Сапар Исаков 2018-жылдын январында мурдагы жылдарга салыштырмалуу бажы төлөмдөрү эки эсе көп чогулганын билдирди. Бул тууралуу ал Бажы кызматынын башчысы Кубанычбек Кулматовду кабыл алып жатып айтканын өкмөттүн маалымат кызматы маалымдады.

Исаков менен Кулматов аталган кызматтын 2017-жылдагы жана 2018-жылдын январында аткарылган иштердин жыйынтыктарын талкуулашкан.

Бажы кызматынын башчысы учурда башкаруу системасын жакшыртуу боюнча иштер кызуу жүрүп жатканын айтты.

"Жасалган иштер жыйынтыгын берип жатат. 2018-жылдын январында 2,8 миллиард сомдон ашык каражат чогулду. Бул пландалгандан 907,3 миллион сомго көп", — деди Кулматов.

Сапар Исаков өз кезегинде Бажы кызматын реформалоо өкмөттүн негизги иштеринин бири экенин белгиледи.

"Бажы төлөмдөрүн жакшыртуу, коррупцияны азайтуу боюнча жасалып жаткан иштер бир айда эле өз натыйжасын берди. Мамлекеттик бюджетке былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу пландалгандан эки эсе көп акча түштү. Коррупция менен күрөшүүдө мындан да чечкиндүү кадамдарды аткарууну талап кылам", — деди Исаков.

Бажы кодекс чыры: өкмөттүн ЕАЭБ боюнча бөлүмү толук иштен кетти
Бажы кызматынын маалыматы боюнча бир ай мурда Борбордук бажыдан күнүнө 30 миллион сом акча түшсө, учурда ал эки эсеге (60 миллион сомдой) көбөйгөн. Ош бажысынан түшкөн каражаттардын көлөмү он эсеге өскөн. Аталган бажы буга чейин 1,5-2 миллион сом чогулса, учурда күн сайын 15 миллион сом түшүүдө.

Маалыматка ылайык, Ош бажысында учурда күн сайын 15 миллион сом чогулуп жатат. Ал эми буга чейин божомол боюнча 7 миллион сом чогулушу керек болчу. Ошентсе да Ош бажысынан буга чейин болгону күн сайын 1,5-2 миллион сом гана чогулуп келген.