Кочкор-Ата шаарында мештен чыккан иске ууланып үч адам каза болду

Каза болгондордун сөөгү шаардык ооруканага жеткирилди
Sputnik

ЖАЛАЛ-АБАД, 5-фев. — Sputnik. Жалал-Абад облусундагы Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында мештен чыккан иске ууланып үч киши каза тапты. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Мыктыбек Турдубеков билдирди.

Анын айтымында, каргаша 4-февраль күнү саат 23:30 чамасында Кочкор-Атанын Фрунзе көчөсүндө жайгашкан үйдө катталган.

"65 жаштагы үй ээси, анын 58 жаштагы жубайы жана аталган райондун Момбеков айыл аймагынын Коммунизм айылынын 52 жаштагы тургуну мештен чыккан иске ууланып көз жумган. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, маркумдардын сөөгү Кочкор-Ата шаардык ооруканасына жеткирилди", — деди Турдубеков.

Ал ошондой эле маркумдардын жакындары эч кимге арыз доосу жок экендигин билдирип, сот-медициналык экспертиза жүргүзүүдөн баш тарткандыгын кошумчалады.