БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында 3-февралда саат 19:30дар чамасында 22 жаштагы кызды коюп, изин жашырып кетти делген айдоочу колго түштү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Жаракат алган кыз ооруканага алып бара жатканда жолдон үзүлгөн.
Кырсык тууралуу милициянын нөөмөт бөлүмүнө саат 19:45те билдирүү келип түшкөн.
"Кырсык болгон жерден Honda HRV үлгүсүндөгү автоунаасына таандык делген алдыңкы фара жана каптал эшиктин айнектери табылган", — деп айтылат маалыматта.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин жыйынтыгында 4-февралда милиция Арашан айылынын 40 жаштагы тургунун кармады. Ал короосуна Honda HRV үлгүсүндөгү автоунаасын катып койгон.
Учурда машина айып короого токтотулуп, экспертиза дайындалды. Жол кырсыгы боюнча тергөө амалдары башталды.