Социалдык фонд: жумушсуздар дагы өзүнө пенсия чогулта алат

Кыргызстанда аялдар 58, эркектер 63 жаштан кийин пенсияга чыгууга укуктуу
Sputnik

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Туруктуу жумуш орду жок жарандар келечектеги пенсиясын топтоо үчүн Социалдык фондго белгиленген өлчөмдө салык төлөп турууга укуктуу экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган фонддон билдиришти.

"Өзүнүн туруктуу жумуш орду жок, бирок үй-бүлө мүчөлөрүнүн кирешеси мүмкүнчүлүк берген жарандар өлкөдөгү орточо айлык акынын сегиз пайыздан кем эмес суммасын пенсия фондусуна төлөп турса болот", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле Социалдык фонддон жеке тараптын пайдасына камсыздандыруу төгүмдөрүн чет өлкөлүк жарандар, юридикалык тараптар дагы төлөй аларын айтышты.

Эске салсак, Кыргызстанда аялдар 58, эркектер 63 жаштан кийин пенсияга чыгууга укуктуу.