Айдаралиев: мигранттарды "кара тизмеге" киргизүү себептерин кайра кароо керек

Айдаралиев миграция жаатында көйгөйлөрдү талдап чыгып, негизги төрт маселе бөлүп алганын билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Кыргызстандык эмгек мигранттардын көйгөйлүү маселеси ЕАЭБ комиссиясында 4-мартта каралат. Бул туурасында Мамлекеттик миграция кызматынын башчысы Медетбек Айдаралиев Жогорку Кеңеште билдирди.

Айдаралиев бул жааттагы көйгөйлөрдү талдап чыгып, негизги төрт маселе бөлүп алганын айтты.

Эмгек мигранттары "кара тизмеден" кантип чыга алат
"Биринчиден, мигранттарды "кара тизмеге" киргизүүнүн себептерин кайра карап чыгуу зарыл. Кээ бирлери жолдон туура эмес өткөндүгү үчүн деле тизмеге түшүп калган учурлар бар. Экинчиден, азыркы мыйзамга ылайык, эмгек келишими аяктаган адам 15 күнгө чейин ошол өлкөнүн аймагында жүрө алат. Бул мөөнөт өтө аз, аны 30 күнгө чейин узартуу керек. Үчүнчүдөн, 2018-жылдын 1-январынан тарта эмгек келишими бар мигрант медициналык жактан камсыздандырылат, бирок алардын балдары четте калууда", — деди ал.

Кыргызстан Евразия экономикалык бирлигинин курамына кирип жатканда кыргызстандык эмгек мигранттар 10 жеӊилдикке ээ болгон.

"Кыргыз тарап бул маселе боюнча ЕАЭБ комиссиясына кайрылган, ал 4-мартта каралат деп турабыз", — деди Айдаралиев.

Аталган кызматтан буга чейин кыргызстандык мигранттардын басымдуу бөлүгү Россия, Казакстан сыяктуу жакынкы чет өлкөлөрдө иштерин билдиришкен.