Футзал боюнча Азия чемпионатында Кыргызстан Иорданияны жеңди

Чучукулактын жыйынтыгында Кыргызстандын комнадасы Ливан, Иордания жана Таиланддын курамалары менен бирге "D" тайпасына түшкөн
Sputnik

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Футзал боюнча Кыргызстандын курама командасы Азия чемпионатында Иорданияны 3:1 эсебинде утуп алды.

Аталган мелдеш 1-февралда башталып, 11-февралга чейин уланат. Чучукулактын жыйынтыгында Кыргызстандын комнадасы Ливан, Иордания жана Таиланддын курамалары менен бирге "D" тайпасына түшкөн.

Футзал боюнча Азия чемпионаты: Кыргызстан — Иордания. Видео
Биринчи тайм 2:0 эсебинде кыргызстандыктардын пайдасына аяктады. Экинчи таймда иорданиялыктар бир гол киргизип, эсепти теңөөгө аракет кылышты. Бирок оюн аяктап калганда кыргызстандык оюнчулар дагы бир гол киргизип, 3:1 эсебинде жеңишти камсыздашты.

Кыргызстандын курама командасы буга чейин ливандыктар менен беттешип, оюн 2:2 эсебинде аяктаган. Иорданиялыктарды уткандан кийин Кыргызстандын курама командасында 4 упай бар. КР оюнчулары азырынча тайпада алдыга чыкты. Таиланддын курамасы үч упайга ээ. Бирок алар Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө ливандыктар менен ойнойт.

Ал эми Ливандын командасы бир упай топтосо, иорданиялыктар эсеп ача элек.

Бүгүн, 4-февралда дагы бир спортчу Кыргызстандын желегин желбиретти. Мушкер Валентина Шевченко бразилиялык Присцила Кечоейра менен беттешип, аны муунтуу ыкмасы менен экинчи раундда жеңип алды