Диктордун дүйнө таанымы кенен болушу керек. Бул тууралуу диктор Айнура Кабатай кызы Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, диктордун жумушу оңой эмес.
"Албетте, диктордун үнү жагымдуу болуп, дүйнө таанымы кенен болушу керек. Айрым учурда редактор шашып ката кетирип алса, тексттин маанисин бузбай оңдоп, элге туура маалымат жеткирүү зарыл. Советтер союзу учурунда тележаатындагы абройлуу адистердин бири бекеринен телевидение – бул рентген деп айтпаса керек", — деди Кабатай кызы.
Ал билим албай эле диктор болгондор бар экендигин кошумчалады.