Бугумду булгарыдан чыгарам. Караколдогу сүрөтчү, уста Муктар Меңдулатов менен маек

Маңдай тер төккөн эмгектердин сатылганына эмес жаралганына канааттанып, эргүүсү келбесе "тартып бер" деп ээрчип алгандардын сөзүнө кулак салбаган өнөр адамдары бар. Бул алардын башкалардан өзгөчөлүгү, артыкчылыгы.
Sputnik

Каракол шаарында жашап, булгаарыга экинчи өмүр берип, ээрди келиштире чапкан сүрөтчү жана уста Муктар Меңдулатовду кепке тарттык. Өнөр адам ичиндеги уйгу-туйгу ойлорун, чыгармачылык туюмдары тууралуу айтып берди.

— Башкалардан айырмаланып булгарыга сүрөт түшүрөт экенсиз. Көлдө мындай иш менен алектенген жалгыз сүрөтчү деп угам. Муну кайдан үйрөнгөнсүз?

— Семен Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын аяктагандан кийин кайра эле ошол окуу жайда дал ушул булгары менен иштөө боюнча балдарга сабак берип, окутуучу болуп иштедим. Бирок мугалимдик кесип менен үй-бүлө бага албай каларымды сезгенде, өзүнчө иш баштоону туура көрүп, булгарыны көркөмдөп жасалгалоо боюнча өз алдынча иштей баштадым. Канчалык көп иштесең, ошончолук көп ойлор келет экен. Ошентип изденесиң, улам кийинки эмгектериң кызыктуу боло берет. Материалдарды Бишкек шаарынан алып келебиз. Булгарыга сүрөт түшүрүү үчүн анын жогорку сорту керек, андыктан 2-сортко чейин эле колдонулат, андан төмөнкүлөр жарабайт.

Работы мастера кожаных дел Муктара Мендулатова

— Кол өнөрчүлүк менен үй-бүлөнү жакшы багып алса болот бекен анан?

— Бул жашоодо шыбагаңа эмне буюрса, ошону жасашың керек. Мен өз өнөрүмөн сырткары эч нерсе кыла албайм. Ушу жумушум менен чарчап да, андан ырахат да алам. Кудайга шүгүр, элдин артында эмеспиз. Иштей бересиң, иштей бересиң, ичиңдеги бук чыккандан кийин бир картина жаралат, карап туруп, анан тема коюлат. Кээсине тема да коюлбай калышы мүмкүн. Эгер менин эмгегим кимдир бирөөгө жагып калса ал мени сөзсүз издеп таба алат. Көргөзмөлөргө деле көп катышып жиберген жокмун. Кыскасы, иш менен көбүрөөк алектенем, элге жарнама жасаганды көп биле бербейм. Кемер курларды жасайм. Ага да булгарынын жакшысы тандалат. Маселен, бир алсаң буканын терисин аласың, бир алсаң уйдун териси керектелет. Ар кандай технология колдонулат. Колго ныгыруу деген ыкма бар. Коло, дат баспаган металлдар, нефрит же дагы башка таш коюлат.

1 / 4
Муктар Меңдулатов булгарыга сүрөт түшүргөн Көлдөгү жалгыз сүрөтчү
2 / 4
Уста: материалдарды Бишкектен алып келебиз. Булгарыга сүрөт түшүрүү үчүн анын жогорку сорту керек, андыктан 2-сортко чейин эле колдонулат, андан төмөнкүлөр жарабайт
3 / 4
Меңдулатов: кемер курларды жасайм. Ага да булгарынын жакшысы тандалат
4 / 4
Сүрөтчү эмгегинин сатылышына карабайт. Жан дүйнөсүнүн каалоосу менен болот

— Ээр чабат экенсиз. Жылына канчаны жасайсыз, баасы кандай болот?

— Ээрдин түрлөрү көп. Баасы сыр боюнча каласын. Негизи анын баасы ээрге жана ээр жабдыктарга чөгөрүлгөн күмүшкө жараша болот. Күмүштү кесип, тазалап, бекитип чыгабыз. Мындай ыкма темир ширетүүдөн да катуу кармалат, бекем болот. Жылына эки же үч ээр жасап калабыз. Көбүнчө тартууга, белек кылууга алышат.

— Сүрөттөрдүн өтүмдүүлүгү кандай?

— Мен анын сатылып өтүп кеткенине карабайм. Иштей берем. Кээ бирлер сатам деп жанталашат. Биз болсо илхом келсе, иштеп коебуз. Болбосо жата беребиз, ар нерсени ойлоносуң. Кээде иштейин десең да иш жылбай калган учур болот.

Мастер кожаных дел из Каракола Муктар Мендулатов

— Сүрөттөрүңүздө тоо, жайлоо көп чагылдырылыптыр…

— Мен ушундай дүйнөдө жашагам. Балалыгым Нарында, ушундай тоолордо өткөн. Андыктан көбүнчө жайлоо, табияттын сулуулугун сүрөттөп тартканды жактырам. Бирок кээде кардар эмнени кааласа ошону тартууга да туура келет. Ал эми алардын ар киминин ой-чабыты ар түрдүү. Бири жылкы тартып бер десе, бири иттин сүрөтүн тарт дейт. Кай бири тоо теке, эчкини жакшы көрөт. Айтор, кардар түшүндүргөн нерсени так чагылдырып берүүгө аракет жасайбыз, ошол образдын ичинен ой толгойбуз. Ал өз оюн айтат, биз чиймелеп эскизди көргөзүп, анан макулдашып алабыз.

— Дагы бир байкаганым, эмгектериңиз тынч жашоону көрсөтөт экен…

Баткендик уста аял Сайрагүл Жумабаева 20 жылдан бери тигүүчү машина оңдоп келет
— Ар ким өзүнүн мүнөзүнө жараша эмгек жаратат. Мен өзүм муну сезчү эмесмин. Бишкекте таланттуу сүрөтчү бар. Ал мени сүрөткө тартып жатып сиз айткан сөздү айтты. Канчалаган кишинин портретин жараткан экен. "Кай бир адамдар чукчуңдап, каарданып турат. Канча билгизбейин десе да, эмгекте көрүнүп калат. Сен өтө токтоо окшойсуң" деди. А мен болсо бала кезде эле сүрөт тартчумун. Менин атам айдоочу болду. Бирок инилери мал бакчу. Жайлоого көп барчумун. Ошол жакта жүрүп, сүрөт тартчумун. Жумшак таштарга мык менен сүрөт тарткан күндөр да болгон. Бала кезде эле шык бар болсо керек. Чоң атамдын сүрөтүн көп тарттым. Окшошпосо да тарта берер элем. Ал мага сүрөтүн тарткан сайын тыйын берет. Анан 4-класста Байыш Абдыкадыров деген агайым сабак берди. Ошол киши мага көп нерсе үйрөттү. 7-класста балдардын "Бүчүр" деген студиясына сүрөттөрүм чыкчу.

Работы мастера кожаных дел Муктара Мендулатова

— Өзүңүзчө иштеп жүргөнүңүздөн улам жумшак мүнөздүү болуп көрүнгөнүңүз менен бирөөгө баш ийгенди жаман көрөт го деп ойлоп калдым.

— Аныңыз да туура. Мен бир жерге барсам, ишим боюнча көз каранды боло албайм. Ошондуктан мени эркин сүрөтчү деп коет. Каалаган күнү иштейм. Кай бир убакта жумушка келип, иштебей эле жүрө берип, кеч кирет. Айланып, ар нерсени кармалап жүрө берип кетип калам. Кээде бир күндүк жумушту бир саатта бүтүрүп коем. Бир идеяны баштап, кайра дагы бирин баштап, анан аларды кайра чогултам. Сүрөтчү деген ушундай калк болот экен.