БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Сириянын Идлиб провинциясында 3-февраль күнү Россиянын Су-25 аскердик учагы атып түшүрүлдү. Бул туурасында РИА Новости РФтин Коргоо министрлигине таянуу менен билдирди.
Маалыматка ылайык, Су-25тин учкучу коргону менен жерге түшүүгө жетишкен. Бирок ал террорчулар менен кармушуу учурунда набыт болгон.
“Идлиб провинциясынын аймагынын үстүнөн айланып учуп бараткан Су-25 кулап түштү. Учкуч өзү коргонуп түшүүгө аракет кылып Жебхат ан-Нусра согушкерлеринин курчоосундагы аймакка буш болуп калган”, — деп жазылат маалыматта.
Учурда Россия учкучтун сөөгүн мекенине алып келүү аракетинде. Коргоо министрлиги алдын ала маалымат боюнча учак зениттик-ракеталык комплекс менен атып түшүрүлгөнүн маалымдады.