Оюнчуктан айрылгысы келбеген зоопарктагы жолборстун видеосу

Оозунан алдыргандай абалда калган жолборс айнектин ары жагында жаткан тейде кала берди
Sputnik

Буйволдор пилдин баласын арстандардын азуусунан сууруп алышты, бирок... Видео
АКШнын Тулса шаарында жайгашкан зоопарктагы жолборс комдонуп, оюнчукту алууга аракеттенип, айнектен улам айласыз токтоп калды. Бул видео Уoutube каналына жайгаштырылган.

Жолборстун кубаттуу колдорунан коркуп кеткен кыз чуркап келип, оюнчугун көтөрүп кетти. Оозунан алдыргандай абалда калган жолборс айнектин ары жагында жаткан тейде кала берди.

Кыязы, жырткычтын көз карашына чыдабай кетти окшойт, ак көңүл кыз куурчагын кайра алып келип, айнекке жөлөп койду.

Кадрдын сыртында сүйлөп жаткан аял бул видеону көрүп, суктанып. эзилип жатканын угууга болот.