Despacito тажаттыбы? Чыгарма Youtube каналында жаңы рекорд жаратууда

Клип эң көп көрүлгөн видеолордун көч башында келе жатат
Sputnik

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Луис Фонси (Luis Fonsi) менен Дэдди Янкинин (Daddy Yankee) аткаруусундагы Despacito чыгармасына тартылган клипти Youtube каналынан беш миллиардга жакын адам көрдү.

Фонсинин Youtube каналынын расмий баракчасындагы көрсөткүч 4,7 миллиард адамга жетти.

Ошондой эле аталган клип популярдуулукка ээ болгон америкалык рэпер Уиз Халифтин (Wiz Khalifa) жана Чарли Путтун (Charlie Puth) "Форсаж-7" тасмасынын башкы саундтреги болгон See you again чыгармасын (3,3 миллиард адам көргөн) басып өттү.

Буга чейин түштүк кореялык PSY аттуу аткаруучунун Gangnam style чыгармасы беш жыл катары менен алдыңкы сапты бербей келген. Видеоклипти 3 миллиард адам көргөн.

Ал эми кыргызстандык Толгонай Арзыкеева Despacito ырын аткарып чыккандан кийин Instragram жылдызына айланып, россиялык продюсерлерден сунуш түшкөн.