Бишкекте Honda Stream жол чийинден эркек кишини коюп кетти. Кырсыктын сүрөттөрү

Окуя бүгүн, 3-февралда, кечки саат 20.25де Аалы Токомбаев көчөсүндө болгон
Sputnik

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Бишкекте жол чийинден өтүп бара жаткан эркек кишини унаа коюп кеттти. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди. 

1 / 3
Бишкекте жол чийинден өтүп бара жаткан эркек кишини унаа коюп кеттти
2 / 3
Окуя бүгүн, 3-февралда, кечки саат 20.25де Аалы Токомбаев көчөсүндө болгон
3 / 3
Окуя болгон жерге тез жардам унаасы келип жабырлануучуну алып кеткен.

Анын айтымында, окуя бүгүн, 3-февралда, кечки саат 20.25де Аалы Токомбаев көчөсүндө болгон. 

“Ал киши жол чийинден өтүп бара жатканда Honda Stream унаасы токтоно албай келип сүзүп алды. Катуу сокуудан ал жолдун четине ыргый түшүп, тура албай жатып калды. Айдоочу унаасынан дароо түшүп, жаракат алган кишиге жардам берип жатты”, — деди күбө. 

Ошондой эле ал жолдун тайгалактыгынан улам унаа өз убагында токтой албай калганын кошумчалады. Окуя болгон жерге тез жардам унаасы келип жабырлануучуну алып кеткен.