АКШда атылган каз жөн өлбөй аңчынын тишин сындырып, бетин айрып кетти

Күтүлбөгөн кырсыктан улам 51 жаштагы мергенчинин эс-учун жоготуп, андан сырткары жабыркаганы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. АКШнын Мэриленд штатынын жашоочусу казды атып алгандан кийин олжосунан башка жеп ооруканага түштү. Бул туурасында РИА Новости Daily Mail басылмасына таянып кабарлады.

Мектептен кожойкесин чыдамсыздык менен күткөн короздун видеосу
Сааттуу окуя аңчылык аягына чыгып калган учурда болгон. 51 жаштагы киши казды атып алганына маашыр болуп туруп калганда капыстан келип башына тийген каздын денеси эки тишин сындырып, бетин сыйрып, башын тытып кеткен. Күтүүсүз кырсыктан эс-учун жоготкон аңчы жакын жердеги ооруканага жеткирилген.

Аталган штаттын Жаратылыш байлыктары боюнча департаменти аңчынын абалы жакшыра баштагандыгын билдирген.