Алматыда үч киши холера менен ооруп жатат

Холера дарты ички организмдин функциясын бузуп кустурат, байтаптын ичи өтөт, жугуштуу, эң коркунучтуу оору болуп саналат.
Sputnik

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Алматынын үч тургунунан холера дарты аныкталганын Sputnik Казакстан агенттиги КТК каналына таянуу менен жазып чыкты. 

Үч дос бир ай мурун Индияга кетип, алты шаарды кыдырып чыгууга үлгүргөн. Жайпурда туристтердин биринин абалы начарлап, Гоага келгенде саламаттыгы жакшырып калган. Бирок Алматыга келери менен бейтап кайрадан ооруй баштаган.

Көз көрбөй, кулак укпай, акылдан тайып каласың... Дарыгер менингит тууралуу
Маалыматта дарыланып ооруканада төрт казакстандык жарандын жатканы, анын үчөөнөн холера дарты тастыкталганы жазылат. Адистер бейтаптардын дартка коопсуздук эрежелерин сактабаганынан улам чалдыкканын айтышкан. Туристтер Индияда жүрүп чийки устрица жешкени маалым болду.

Учурда бейтаптардын абалы туруктуу деп бааланууда. Дартты аныктап чыккандан кийин дарыгерлер ооруга тушуккан бейтаптар менен байланышта болгон бардык адамдарды, ага кошумча Индиядан учуп келген учактын экипажы менен жүргүнчүлөрдү да бир сыйра текшерүүгө аргасыз болушкан.