Аймактарды өнүктүрүү жылына карата жер-жерлерде 30 инновациялык мектеп түзүлөт

Учурда 18 мектепте оңдоо иштери жүргүзүлүүдө
Sputnik

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Өлкө облустарында 30 инновациялык мектеп түзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Бепбекер! Бишкектеги акысыз курстардын тизмеси
Билдирүүгө ылайык, ал мектептерде табигый илимдер боюнча лабораториялык жабдуу, маалыматтык технологиялар менен камсыздалган мультимедиалык класстар ачылат. Учурда 18 мектепте оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Аталган аракеттер аймактарды өнүктүрүү жылына карата уюштурулуп, Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланууда.