Радио

Касымалиев: тышкы карыздан кутулууга мамлекеттин толук мүмкүнчүлүгү бар

Каржы министри Адылбек Касымалиев Кыргызстандын 4 миллиард 81 миллион доллар тышкы карызы бар экендигин айтты
Sputnik
Касымалиев: тышкы карыздан кутулууга мамлекеттин толук мүмкүнчүлүгү бар

Тышкы карыздан кутулууга мамлекеттин толук мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу Адылбек Касымалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өнүккөн өлкөлөрдүн тышкы карызы биздикинен ашат.

"АКШ, Япония, Франция, Италиянын карыздары абдан эле көп. Бирок алар дагы деле карыз алууну улантууда. Ал эми биздин тышкы карыз 4 миллиард 81 миллион долларды түзөт. Бул деген ИДПнын 56,9 пайызы. Андыктан кандайдыр бир кооптонуу же коркунуч жок. Карыздан кутулууга мамлекеттин толук мүмкүнчүлүгү бар", — деди Касымалиев.

Эскерте кетсек, мамлекеттик ички карыз 449 миллион долларга жетет.