Комага түшкөн Түштүк Кореядагы кыргызстандык көз жумду

Элчилик анын жакындары же тааныгандар бул маалыматты угуп, окуп калса 023790951 жана 023790952 номерлери менен байланышууну өтүнөт
Sputnik

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Сеулдун (Түштүк Корея) улуттук медициналык борборунда комада жаткан Валерий Кан аттуу кыргызстандык жаран көз жумганын КРдин Түштүк Кореядагы элчилигинен кабарлашты.

Жыл башынан бери Түркиядан 12 кыргызстандыктын сөөгү алып келинди
Буга чейин элчилик 41 жаштагы адамдын абалы оор экенин жана жакындары изделип жатканын маалымдаган.

Элчилик анын жакындары же тааныгандар бул маалыматты угуп, окуп калса 023790951 жана 023790952 номерлери менен байланышууну өтүнөт. Андан сырткары, Sputnik Кыргызстандын +996 706 566 544 номериндеги WhastApp жана Telegram каналдарына маалымат таштоого болот.