Казакстанда 2 кг героин менен Москвага бараткан кыргызстандык кармалды

Эркек киши поезд менен баратып колго түштү
Sputnik

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Казакстандын аймагында 2 килограмм героин менен бараткан кыргызстандык жаран кармалганын Sputnik Казакстан жазып чыкты.

ИИМ: "Гараж 312" түнкү клубунда баңгизат колдонууга үндөө болгон
Өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетинин алдындагы чек ара кызматынын маалыматы боюнча Бишкек — Москва поезди менен бараткан 55 жаштагы жүргүнчүнүн кош түптүү сумкасына героин салып баратканы аныкталган. Аны "Мерке" станциясынан кызматтык ит таап чыккан.

Учурда полиция иликтөө жүргүзүп жатат.

Эскерте кетсек, буга чейин ири көлөмдө синтетикалык баңгизаттарын чыгарып аны таратуу менен алектенген кылмыштуу топ милициянын торуна түшкөн. Кылмышкерлер спайсты Кыргызстанда жайылтып, Казакстанга да сатыкка чыгарып турушкан.