Эл аралык издөөдөгү чет элдик жаран Кыргызстандан кармалды

Ушу тапта колго түшүрүлгөн киши өнөктөш мамлекетке өткөрүп берилди
Sputnik

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Экстремисттик мүнөздөгү кылмыш жасаганы үчүн эл аралык издөөгө алынган КМШ өлкөлөрүнүн биринин жараны Кыргызстандан кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.

Казакстанда спайс саткан кыргызстандыктар кармалды
Маалыматка ылайык, колго түшүрүлгөн 47 жаштагы У.А. эл аралык террордук топтун жетекчилеринин буйругу менен Фергана өрөөнүндө үгүт аянтчасын түзгөн. Кылмыш иштерин жүзөгө ашыруу үчүн жасалма документтерди, аны менен бирге Кыргызстандын жарандык паспортун пайдаланганы айтылды.

Ушу тапта кармалган киши өнөктөш мамлекеттердин тиешелүү органдарынын өкүлдөрүнө өткөрүп берилди.