Бекназар спортто гана ийгилик жаратпастан, күн сайын бейтапканада кардарларга тиш жасап берүү менен алкыш алып келет.
Дүйнө чемпионунун катаал жана кызыктуу жолун Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги даярдаган маектен окуңуздар.
Машыгуу залына чемпион болом деп барган эмесмин
Чынын айтсам башында дзюдо менен ден соолук үчүн эле машыгып жүрдүм. Бир жылдан кийин Ош шаарынын дзюдо боюнча биринчилигинде күч сынашып үчүнчү орунду алып калдым. Ошондо алгачкы жолу моюнума медаль тагылды. Медалдын таасириби, билбейм, мындан ары да мелдештерде күч сынашып спортчу болом деген ой пайда болду.
Эски жыл жемиштүү болду
Дзюдо боюнча жаштар жана чоңдор арасында КРдин биринчилинде, республикалык универсиадада, спартакиадада алдыңкы орундарды алып жүрдүм. 2015-жылы самбо боюнча КРдин биринчилигинде коло медаль тагындым. 2016-жылы бутуман жаракат алгандыгыма байланыштуу мелдештерге катыша алган жокмун.
Андан соң алгачкы жолу чет мамлекеттеги турнирге бардым. Болгондо да Азия чемпионатына барып алтын тагындым. Мелдеш Ташкент шаарында өттү.
Дагы бир жагымдуу учур. Төрт жылда бир өтө турчу Азия оюндарында алтын тагындым. Бирок жеңиш мага оңой менен келген жок. Беттештин финалында атаандашым башка тээп салгандыктан көңүлүм айнып, өзүмдү начар сездим. Азыркыга чейин дарыланып жатам.
Анан эле жыл аягында Сочи шаарында өткөн дүйнө биринчилигинде алтын медаль тагынып, дүйнө чемпиону аталдым.
Тиш устасы-самбочу болуп жүрөм
Кесибим спорто дал келбейт. Ош шаардык №1 стоматологиялык бейтапканасында тиш устасы болуп иштейм. Иш убактым 8:30дан 17:00гө чейин. Андан кийин кечки саат сегизге чейин машыгам. Мен үчүн биринчи кезекте жумуш, андан кийин спорт. Ишим көп болуп кеткенде машыгууларым калып кетет.
Мени көчөдөн спортчу катары эле таанышат. Анан бейтапканага келгенде башыма чепчигимди, жонума ак халатымды кийип чыкканда таң калышат. "Сен тиш сала аласыңбы, чын эле дарыгерсиңби" дегендер бар. Анткени айрымдар спортчулар тууралуу криминалдар менен иш алып барат, көчөдө мушташат деген пикирде экен. Медицина кызматкери болом деп атайын төрт жыл билим алдым.
Мурда эл көп деле билчү эмес. Азия чемпионатын, дүйнө биринчилигин багындыргандан кийин ЖМКларга берген маектеримден улам таанып калышты.
Ата-энем мурда каршы эле, азыр спортчу болгонумду колдошот
Атам Райымкул Айтиев жол кызматкери, апам Рыскүл Азимбекова райондук ооруканада медайым болуп эмгектенет. Беш бир туугандын улуусумун. Менден кийин эки иним, эки карындашым бар.
Негизи ата-энем мелдештерге чыгып жүргөндө каршы болуп жүрдү. Маектин башында айтып өткөндөй 2014-жылга чейин чоң ийгилик жарата алган эмесмин. 2017-жылы Азия чемпионатына бараарда ата-энемди сарсанаа кылбайын деп, кабар бербей кетип калгам. Чемпион болуп келгенден кийин ЖМКларга чыга баштаганда уулу менен сыймыктанышты окшойт, каршылык көрсөтпөй калышты. Ашхабаддагы Азия оюндарына жөнөп жатканда батасын берип узатышты. Азыр айылда турушат да. Сени эстегенде интернеттен беттештериңди көрүп турабыз деп калышат.
Азыркы жашоомо шүгүр дейм
Студенттик жашоонун кыйынчылыгын жакшы эле тарттым. Окуу жайда эртеден баштап 16:30га чейин окучубуз. Сабактар дагы оор эле. Дарыгер болом деп китепканадан баш көтөрүлчү эмес. Анан кечинде машыгууга барышым керек болчу.
Бир жолу окуудан чыгып залга баратсам троллейбус бузулуп калды. Анда жол кире төрт сом болчу. Айдоочуга жол киремди берип койгон болчумун. Үйдөн ченеп эле акча алып чыкчубуз. Жашпыз да, кайра сурай алган жокмун. Ошентип залга жете албай орто жолдо сумкаларым менен калып, жаанда үйгө жөө басып бир саатта жеткем.
Алгачкы жолу айлыгымды алганда маңдайым жарыла сүйүнүп ата-энеме алып баргам. Андагы 1500 сом чоң акча көрүнчү. Азыр кесибим менен көп айлык алам деп айтпайм. Бирок Кудайга шүгүр.
Ден соолук барда мелдештерге катыша берем
Мен аркалаган күжүрмөн самбо олимпиадалык эмес спорттун түрү болгондуктан, жеткен чеги эле дүйнө биринчилиги. Бирок жыл сайын ар башка мамлекетте өткөрүлгөнүктөн деңгээлди да ар кандай болот. Ден соолук барда көп мелдештерге катышкым келет. Мүмкүнчүлүк болгондо спорт клуб ачып, жаштарды тарбияласам дейм. Буюрса тиш устасы боюнча да билимимди жогорулатам.