Ысык-Көл: жолчулар кар тозоңу учкан Эңилчек жолун күнү-түнү күзөтүп турушат

Жол тейлөө мекемесинин жетекчиси Жаныбековдун айтымында, 11-жол тейлөө мекемесинин жолчулары 26-январдан бери күн-түнү иштеп жатышат
Sputnik

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунундагы эң алыскы айыл Эңилчекке барчу жолдо кар тозоңу болгондуктан, жолчулар тынымсыз иштөөдө. Бул туурасында аймактык кабарчы билдирди.

Ак-Суу районунун Эңгилчек кыштагы аталган райондогу эң алыскы айыл. Ал райондун борборунан 150 чакырым алыс жайгашып, деңиз деңгээлинен 3822 метр бийиктиктеги жай күнү да кар кетпеген Чоң-Ашууну басып өтөт.

"Учурда Каракол — Эңилчек жолундагы Чоң-Ашуу тилкесиндеги 38-92-чакырымында жол ачык. Бирок бир нече күндөн бери шамал болгондуктан, тазаланган жолду кайра күрткү басып калып, жолчулар тынымсыз иштеп жатат", — деди 11-жол тейлөө мекемесинин жетекчиси Тариел Жаныбеков.

Кыргызстандын кайсы жеринде кар көчкү түшүү коркунучу бар? Карта
Анын айтымында, аталган мекеменин кызматкерлери 26-январдан бери күнү-түнү иштеп жатышат.

"Кар жаабаганы менен шамал болуп, тазаланган жолдорго кайра кар үйлөп, күрткү пайда болууда. Каракол — Эңилчек жолунда, Чоң Ашууда азыр бир жарым метр кар жатат. Андыктан ал жерде бороон болсо эле жол жабылышы мүмкүн. Ошон үчүн азыр анда эки техника иштеп, ага кошумча эки техника даяр турат. Азыр жол ачык, техника каттап жатат", — деди Жаныбеков.

Мындан сырткары, Каракол — Раздольное, Боз-Учук — Жыргалаң жолу да ушундай абалда. Бул жолдо да жети техника иштеп жатат.