Жогорку Кеңештин жөө жүргөн депутаттары. Тизме

ЖКнын депутаты Камчыбек Жолдошбаев бүгүн парламент жыйында эртең менен жумушка келе жатканда маршурткадан түшүп жаткан эл өкүлдөрүн көргөндө уялып жатканын айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун кайсы депутат коомдук транспорт менен жүрөрүн жазды.

Ал жөө жүргөн депутаттар коомдук транспортто жүргөнүнө сыймыктанат деп ишендирип кеткен.

"Жогорку Кеңеште иштегениме эки жыл болуп калды. Ушул учурда бир катар депутаттардын коомдук транспорт менен жумушка келгенин байкап жүрөм. Алардын айрымдарынын гана ысымын атап өтсөм: Карамат Орозова, Евгения Строкова, Аида Касымалиева, Альфия Самигулина такай троллейбус, машруткаларда жүрүшөт. Айрыкча Карамат Орозова эженин машруткадагы окуялары өзүнчө эле анекдот", — деп жазды Ибраим Нуракун уулу.

1 / 5
Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова
2 / 5
Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкова
3 / 5
Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева
4 / 5
Жогорку Кеңештин депутаты Альфия Самигуллина
5 / 5
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков

Маалымат кызматынын жетекчиси ЖК төрагасы Дастан Жумабековдун базарлаганды жакшы көрөрүн билдирген.

"Төрагалык кызматка келгенге чейин Дастанбек Жумабеков дагы маал-маалы менен коомдук транспортто жүргөнүн, "Ош" базардан азык-түлүктү арзаныраак баада сатып алууну жактырарын өзү мага айткан", — деп жазган ал.

Эскерте кетсек, ЖКнын депутат Камчыбек Жолдошбаев бүгүн парламент жыйында эртең менен жумушка келе жатканда маршурткадан түшүп жаткан эл өкүлдөрүн көргөндө уялып жатканын билдирген.