Жээнбеков Душанбеге келди. Президентти премьер-министр тосуп алды

Жолугушуулардын жыйынтыгы менен эки президент билдирүү жасайт.
Sputnik

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Тажикстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

1 / 3
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Тажикстанга расмий сапар менен келди.
2 / 3
Жээнбековду Душанбенин ардак кароол тизилген аэропортунан Тажикстандын премьер-министри Расулзода Кохир тосуп алды.
3 / 3
Эки күнгө созула турган расмий сапардын алкагында Жээнбеков коңшу өлкөнүн президенти Эмомали Рахмон менен тар жана кеңири чөйрөдө жолугуп, анын жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлмакчы.

Жээнбековду Душанбенин ардак кароол тизилген аэропортунан Тажикстандын премьер-министри Расулзода Кохир тосуп алды. 

Официальный визит президента КР Сооронбая Жээнбекова в Таджикистан

Жээнбеков Тажикстанга барат. Кимдер менен жолугуп, кандай маселелер талкууланат?
Эки күнгө созула турган расмий сапардын алкагында Жээнбеков коңшу өлкөнүн президенти Эмомали Рахмон менен тар жана кеңири чөйрөдө жолугуп, анын жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлмакчы. Андан соң эки президент билдирүү жасайт.

Мындан тышкары, өлкө башчы Тажикстандын өкмөт башчысы жана парламент төрагасы Шукуржон Зухуров менен жолугушары пландаштырылган.

Президентти коштоп барган делегациянын курамы.