Бишкек ТЭЦин кытай компаниясы жаңылашы үчүн добуш берген депутаттардын тизмеси

Убагында адистер менен байкоо кеңешинин өкүлдөрү Бишкек ТЭЦин 386 миллион долларга жаңылаган ТВЕА компаниясынын кызыкчылыгын айрым аткаминерлер коргогонун айтып чыгышкан
Sputnik

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Кечээ, 31-январда премьер-министр Сапар Исаков Бишкек ТЭЦинин айланасындагы кырдаал боюнча парламентке чакырылып, депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Депутаттардын бири "Бишкек ТЭЦти жаңылаган кытай компаниясынын күнөөсү барбы" деген суроону узаткан. Исаков жагдайга тергөөнүн жыйынтыгы чекит коерун билдирген.

Sputnik Кыргызстан агенттиги 2013-жылы ТЭЦти модернизациялоого ТВЕА компаниясынын талапкерлигин кайсы депутаттар колдогонун тактап көрдү.

Список депутатов ЖК, голосовавших за модернизацию ТЭЦ

Профилдик комитеттин депутаттары менен биргеликте ТЭЦке барып көчмө жыйын өткөргөн Кожобек Рыспаев 2013-жылы ТВЕА компаниясынын иш алып баруусу үчүн "макул" деген добушун берген.

Өлкөнүн башкы энергетиктери канча айлык алып, эмне мүлккө ээлик кылат
Ошол эле жылы адистер менен байкоо кеңешинин өкүлдөрү Бишкек ТЭЦин 386 миллион долларга жаңылаган ТВЕА компаниясынын кызыкчылыгын айрым аткаминерлер коргогонун айтып чыгышкан.

Ал эми бир катар ЖМКлар компаниянын эсебинен Кытайга барып келген ондон ашык депутат алардын кызыкчылыктарын өзгөчө коргогонун жазып, аттарын дагы аташкан: Чыныбай Турсунбеков, Мурадыл Мадеминов, Токтогул Туманов, Малик Осмонов, Абдулатип Режавалиев, Карганбек Самаков, Райкан Төлөгөнов, Азамат Арапбаев, Абдимуталип Кочкорбаев, Бактыгул Маматов.

Жогоруда аты аталган депутаттардын бардыгы ТВЕА менен кызматташуу үчүн добуштарын беришкен. Ал эми компаниянын эсебинен Кытайга барып келди делген Равшан Жээнбеков менен Исхак Пирматов добуш берүү күнү жыйынга келбей калган.

Депутат: Кыргызстандын энергетикасын мугалим менен тигүүчү башкарып жатат
Болгону беш депутат каршы чыккан. Алар Бакыт Шаршеев, Улукбек Кочкоров, Кантемир Мурзабеков, Мыктыбек Абдылдаев, Курмантай Абдиев жана премьер-министрдин кызматтан кетүүсүн талап кылган Кенжебек Бокоев.

Калгандарынын бардыгы макул болгон.

Добуш берүүгө катышкан депутаттардын тизмеси Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан алынды.