Жолугушуу башталды. Жээнбеков Тажикстандын президентине эмне деди

Өлкө башчы Кыргызстан достук мамилелерге дайым даяр экендигин билдирген
Sputnik

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Душанбеге болгон алгачкы сапарында кесиптеши Эмомали Рахмон менен жолугуп Кыргызстан жана Тажикстан көз карандысыздыкты алгандан кийинки бир топ кыйынчылыктарга кабылганын айтты.

"Кыргызстан менен Тажикстан эгемендүүлүк алгандан тарта оор күндөрдү баштан кечирди. Суверенитетти жоготуп алуу коркунучу дагы болду. Бирок элибиздин даанышмандыгы жана сиздей болгон башчылардын жардамы менен мамлекеттүүлүктү сактап калдык", — деди Жээнбеков саламадашуу сөзүндө.

1 / 6
Президент Сооронбай Жээнбеков Душанбеге болгон алгачкы сапарында кесиптеши Эмомали Рахмон менен жолугуп Кыргызстан жана Тажикстан көз карандысыздыкты алгандан кийинки бир топ кыйынчылыктарга кабылганын айтты.
2 / 6
Ошондой эле ал эки өлкөнүн дипломатиялык кызматташтыгына 25 жыл толгонун белгилеп, Кыргызстан мындан ары да достук мамилелерге дайым даяр экенин кошумчалады.
3 / 6
Тажикстандын президенти болсо Душанбе Жээнбековду кубануу менен тосуп алганын билдирди.
4 / 6
Иш сапар 2-февралга чейин уланат. Жолугушуулардын алкагында чек араларды делимитациялоо маселеси көтөрүлүп, экономикалык жана гуманитардык жактан кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр өтөт.
5 / 6

6 / 6

Душанбе Сооронбай Жээнбековду кантип тосуп алды. Видео
Тажикстандын президенти болсо Душанбе Жээнбековду кубануу менен тосуп алганын билдирди.

"Сиздин өлкөбүзгө болгон алгачкы расмий сапарыңыз чоң мааниге ээ. Кыргызстан биздин жакын коңшубуз. Көп тармактар боюнча кызматташып келебиз. Мындан ары да эки тараптуу мамилелер бекемдей турганына ишенем", — деди Рахмон.

Иш сапар 2-февралга чейин уланат. Жолугушуулардын алкагында чек араларды делимитациялоо маселеси көтөрүлүп, экономикалык жана гуманитардык жактан кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр өтөт.

Президентти коштоп барган делегациянын курамы.