Февралда газдын баасы 8 тыйынга арзандады

1-январга катара доллардын расмий курсу 68,39 сомду түздү
Sputnik

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын февраль айына карата газдын баасы калк үчүн бир куб метри 14,34 сом деп аныкталды. Ал эми өнөр жай, коммерциялык ишканалар менен бюджеттик уюмдар үчүн кошумча нарк салыгын эске алуу менен бир куб метри 17,59 сом болгонун "Газпром Кыргызстан" компаниясынын маалымат кызматы кабарлады.

Бишкектин "Көлмө" конушунун үч миңге чукул жашоочусу газ менен камсыздалды
Эске салсак, январь айында газ калк үчүн да, ишканалар үчүн да 8 тыйынга кымбатыраак болчу

Газдын баасы Улуттук банктын айдын башында аныктаган доллардын курсуна жараша коюлат.

1-январга карата доллардын расмий курсу 68,39 сомду түздү.