"Ак Илбирс" улуттук кино сыйлыгына эмгектерди кабыл алуу башталды

Эмгектерди кабыл алуу 1-мартка чейин уланат.
Sputnik

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. "Ак Илбирс" улуттук кино сыйлыгына эмгектерди кабыл алуу башталганын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Абдыжапаров: эмне үчүн искусство адамдары селсаяктай жашашы керек?
Билдирүүгө караганда, конкурска 2017-жылы тартылган бардык жанрдагы тасмалар катышып, эмгектерди кабыл алуу 1-мартка чейин уланат. Ал эми жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшыруу аземи 27-апрелде "Манас" кинотеатрында болот.

Мындан беш жыл мурун негизделген иш-чара 16 номинация боюнча мыктыларды аныктап келсе, былтыртан баштап Борбордук Азияны толугу менен камтып, ага дагы эки номинация — "Борбор Азиядагы мыкты актер" жана "Борбор Азиядагы мыкты актриса" кошулган.