ТЭЦ жарандардын чыгымдарын төлөп береби? Аталган суроону депутат Талант Мамытов өкмөт башчы Сапар Исаковго узатты.
Эске сала кетсек, учурда өкмөт башчы парламентке келип, эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатат.
"Суукка үшүгөн жарандарга чыгымдарын төлөп бересиңерби? Эл келишимде жазылган жылуулукту алган жок да. Андыктан эртең сотко берсе ТЭЦ банкрот болуп калат. Адилеттүү түрдө кайра эсептеп берүүңүздөрдү өтүнөм", — деди Мамытов.
Белгилей кетсек, 26-январдын кечинде көп кабаттуу үйлөрдөгү батареялар муздап баштаганын тургундар социалдык тармактарга жазышкан. Кийин Бишкек ТЭЦиндеги эски буу казандарга суу берген куур жарылганы маалымдалган. Кырсыктын кесепеттери 90дон ашык сааттан кийин, 30-январда гана жөнгө салынып, шаардыктардын үйү жылый баштаган.