ЖМК: Өзбекстандын улуттук коопсуздук кызматынын башчысы иштен алынды

Рустам Иноятов бул кызматта 1995-жылдан бери иштеп келген
Sputnik

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Рустам Иноятов Өзбекстандын улуттук коопсуздук кызматынын (УКК) башчылыгынан кеткенин Sputnik Өзбекстан маалымат агенттиги билдирди.

Сапар Исаковго кимдер акыл айтат. Премьердин 11 кеңешчисинин милдеттери
Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёев башкы прокуратура жана УККнын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда маалымдаган.

Рустам Иноятов бул кызматта 1995-жылдан бери иштеп келген. Анын ордуна Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору Ихтиёр Абдуллаев дайындалды.

Мирзиёев 2017-жылдын аягында өлкөнүн парламентинин эки палатасына кайрылуу учурунда "Улуттук коопсуздук кызматы жөнүндө" мыйзамды иштеп чыгып, кабыл алууну сунуштаган.

Ал УККнын ишмердүүлүгү боюнча жобо 26 жыл мурда бекитилгенин айтып, андан бери бир да жолу өзгөртүлбөгөнүн эскерткен.