ЖМК: Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматын Ихтиёр Абдуллаев жетектемей болду

Буга чейин Шавкат Мирзиёев УККны 1995-жылдан бери жетектеген Рустам Иноятовду отставкага кетирген
Sputnik

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Өзбекстандын башкы прокурору Ихтиёр Абдуллаев Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы болуп дайындалганын өлкөнүн жергиликтүү ЖМКлары жазып чыкты.

Шавкат Мирзиёев дүйнөнү өзгөртө алган 10 лидердин катарына кирди
Шаршемби күнү, 31-январда жалпыга маалымдоо каражаттары Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев УККны 1995-жылдан бери жетектеп келе жаткан Иноятовду отставкага кетиргенин жазышкан.

Sputnik Өзбекстан жазып чыккандай, Мирзиёев кадр жаатындагы өзгөртүүлөрдү Башкы прокуратура менен Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү катышкан жыйында билдиргенин маалымдады.