Артыкбаев: бир кичинекей жердеги "сбой" жалпы системага сөз тийгизип жатат

Бишкек шаарындагы жылуулук менен камсыздоочу борбордогу авария шаардыктарды бир нече күн суукта калтырды
Sputnik

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Борбор калаанын ТЭЦиндеги авария жана анын кесепети боюнча парламентке чакырылган премьер-министр Сапар Исаковго суроо берип жатып депутат Осмонбек Артыкбаев жылуулук тармагындагы бул окуяны "бир кичинекей жердеги "сбой" деп атады.

Сапар Исаков ТЭЦте эмне себептен авария болгонун айтып берди
"Сапар Жумакадырович, өзүңүз аткаруучу багытта сын көз караш менен айтып жатасыз. Кыргызда "бир карын майды бир кумалак чиритет" деген макал бар. Бир кичинекей жердеги "сбой" жалпы системага сөз тийгизип жатат, негизинен. Бирок, энергетиктердин жасап жаткан иштери өтө масштабдуу. Өзгөчө, акыркы 2010-жылдан кийинки иштерди алсак, энергетикалык коопсуздук маселеси чечилди… ТЭЦ Бишкек энергетикалык системада жүрөк катары, коопсуздукту кармап турат. Коопсуздук маселеси чечилди. Бир жагын эле айта бербей, экинчи жагын айта жүрүш керек. Адилеттүүлүк маанилүү маселе. Кыйналган жарандардын маселесин чечиш керек", — деди депутат Артыкбаев.

Жогорку Кеңештеги ТЭЦ чыры боюнча жыйындын тексттик трансляциясын Sputnik Кыргызстан агенттигинен окуп, түз алып берүүдөн жыйынды көрө аласыздар.

Белгилей кетсек, 26-январдын кечинде көп кабаттуу үйлөрдөгү батареялар муздап баштаганын тургундар социалдык тармактарга жазышкан. Кийин Бишкек ТЭЦиндеги эски буу казандарга суу берген куур жарылганы маалымдалган. Кырсыктын кесепеттери 90дон ашык сааттан кийин, 30-январда гана жөнгө салынып, шаардыктардын үйүн жылый баштаган.