"Ош" базарындагы өрттөн 118 соода түйүнү күйүп кетти

Кырсык адам өмүрүнө забын болгон жок. Азырынча келтирилген материалдык зыяндын көлөмү тактала элек.
Sputnik

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Бишкектеги "Ош" базарында чыккан өрттөн жалпы жонунан 118 соода түйүнү күйүп кеткенин ӨКМ билдирди.

"Ош" базарынын өрттөн кийинки көрүнүшү. Видео
Маалыматка ылайык, өрт 30-январь күнү эртең менен Киев жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишиндеги кире беришинде жайгашкан "Сейтек" базарында чыккан. Жалын жайылып 100 күркөнү жок кылса, "Берекет плюс" базарындагы 10 соода түйүнү өрттөнүп кеткен. ӨКМ жалын саат 18.29да толугу менен өчүрүлгөнүн кабарлаган. 

Кырсык адам өмүрүнө забын болгон жок. Азырынча келтирилген материалдык зыяндын көлөмү тактала элек. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 3500 чарчы метрди түздү.