Боронов: кооптуулук жок, суу каптаган аймактар тазаланууда

Боронов каптаган суунун кесепеттерин жоюу үчүн тиешелүү кызматтар түндөп иштерин айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. "Ала-Арча" суусунун деңгээли азайып, калыбына келди, кооптуулук жок деп билдирди ӨКМ жетекчиси Кубатбек Боронов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине.

Ал каптаган суунун кесепеттерин жоюу үчүн тиешелүү кызматтар түндөп иштерин айтты.

1 / 7
"Ала-Арча" суусунун деңгээли азайып, калыбына келди, кооптуулук жок деп билдирди ӨКМ жетекчиси Кубатбек Боронов
2 / 7
Ал каптаган суунун кесепеттерин жоюу үчүн тиешелүү кызматтар түндөп иштерин айтты
3 / 7
Суу музду жогору жактан агызып келип, Рыскулов көчөсүндө көпүрөгө туруп калган.
4 / 7
Москва көчөсүндөгү үч үйдүн короосуна агып келген муздун сыныктары менен кар жайылып кеткен.
5 / 7
Андан ылдыйраак Рыскулов көчөсүндөгү дагы бир үйдүн короосун каптаган, бирок үйгө кирген эмес.
6 / 7
Азыр техникалар иштеп жатат, Чүй проспектисинен Рыскуловго чейинки арыкка толуп калган муздарды кызматкерлер түнү менен алып салышат
7 / 7
Буга чейин шаардыктар Бишкектеги "Ала-Арча" дарыясы кескин көтөрүлүп, нугунан бир топ көтөрүлүп агып жаткан видеону тараткан.

"Суу музду жогору жактан агызып келип, Рыскулов көчөсүндө көпүрөгө туруп калган. Москва көчөсүндөгү үч үйдүн короосуна агып келген муздун сыныктары менен кар жайылып кеткен. Андан ылдыйраак Рыскулов көчөсүндөгү дагы бир үйдүн короосун каптаган, бирок үйгө кирген эмес. Азыр техникалар иштеп жатат, Чүй проспектисинен Рыскуловго чейинки арыкка толуп калган муздарды кызматкерлер түнү менен алып салышат", — деди министр Боронов.

Боронов: көчкү жүрүү коркунучу күч жерде жашагандарды күчтөп көчүрүү мыйзамсыз
Буга чейин шаардыктар Бишкектеги "Ала-Арча" дарыясы кескин көтөрүлүп, нугунан бир топ көтөрүлүп агып жаткан видеону тараткан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы дарыядагы суунун көлөмү көбөйгөнүн тастыктап, Бишкек шаарынын Жарандык коргонуу кызматтары (ӨКМ, "Зеленстрой", "Зеленхоз", "Бишкексууканал", ИИМ ж.б.) коркунуч жараткан участоктордо турушканын билдирген.