Радио

Кыдыралиева: микро ГЭС куруу менен электр энергияга болгон көз карандылык жоюлат

"БизЭксперт" аналитикалык агенттигинин коммуникация боюнча эксперти Назгүл Кыдыралиева микро ГЭС куруу учур талабы экендигин айтты
Sputnik
Кыдыралиева: микро ГЭС куруу менен электр энергияга болгон көз карандылык жоюлат

Микро ГЭС куруу менен электр энергияга болгон көз карандылык жоюлат. Бул тууралуу Назгүл Кыдыралиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, микро ГЭСтерди орнотуу үчүн алгач суунун кубатын текшерүү керек.

"Суунун күчүн эсептөө үчүн адистерге кайрылууну сунуштайм. Анткени туура эмес болуп калса жарандар чыгымга учурап калышы мүмкүн. Негизи микро ГЭСтерди базардан эле сатып алса болот. Бирок аны орнотууда саткан фирмадан жардам суроо зарыл. Анткени ал фирмалар бузулуп калса акысыз оңдоп берет. Анан микро ГЭС куруу менен электр энергияга болгон көз карандылык жоюлат ", — деди Кыдыралиева.

Ал микро ГЭСтин жабдууларын миң долларга сатып алса болоорун кошумчалады.