Күбө: Бишкектеги "Ала-Арча" дарыясы кескин көтөрүлүп коркунуч жаратууда

Видеодон шаркырап агып келе жаткан сууну көрүүгө болот
Sputnik

Кыргызстандын кайсы жеринде кар көчкү түшүү коркунучу бар? Карта
Күбө Бишкек шаарын аралай аккан "Ала-Арча" дарыясынын деңгээли кескин көтөрүлүп кеткен видеосун тартып алган. Видеодон Малдыбаев менен Ахунбаев көчөлөрүн көрүүгө болот. Анда дарыянын нугу менен шаркырап агып келе жаткан суу көрүнөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы дарыядагы суунун көлөмү көбөйгөнүн тастыктап, Бишкек шаарынын Жарандык коргонуу кызматтары (ӨКМ, "Зеленстрой", "Зеленхоз", "Бишкексууканал", ИИМ ж.б.) коркунуч жараткан участоктордо турушат. Ошондой эле инженердик техникалар тартылган.

Инженердик техникалар күнү-түнү жеринде көзөмөл кылышат.