Радио

Дандыбаева: китепканаларда окурмандар үчүн бардык шарттар түзүлгөн

Бишкек мэриясынын Борборлоштурулган китепканалар тармагынын башчысы Күлсайра Дандыбаева бардык каалоочуларга эшик ачык экенин айтты
Sputnik
Дандыбаева: китепканаларда окурмандар үчүн бардык шарттар түзүлгөн

Китепканаларда окурмандар үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Бул тууралуу Күлсайра Дандыбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, каалоочулар үчүн китепканалардын эшиги ачык.

"Учурда Бишкек шаарындагы бардык эле китепканалар жылуу. Бир гана №19 китепкана бир аз суугурак. Анткени жыгачтан салынган. Бирок электр мештерин сатып берип, жылытып жатабыз", — деди Дандыбаева.

Ал жаштарды китепке тартуу үчүн ар кыл иш-чаралар уюштурулуп жатканын кошумчалады.