Казакстанда спайс саткан кыргызстандыктар кармалды

Шектүүлөрдүн биринин жанынан 19 миллион сомдук "товар" табылган
Sputnik

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Ири көлөмдө синтетикалык баңгизаттарын чыгарып аны таратуу менен алектенген кылмыштуу топ милициянын торуна түштү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, кармалгандар баңгизаттарды Кыргызстанда таратып, Казакстанга да сатуу үчүн алып барып турушкан.

ИИМ: "Гараж 312" түнкү клубунда баңгизат колдонууга үндөө болгон
30-январда атайын ири операция өткөрүп, Орто-Сай айылынан кылмыштуу топтун мүчөсү деген шек менен Кыргызстандын жараны кармалган. Анын жанынан 18,92 килограмм спайс табылган.

Алдын ала маалымат боюнча көмүскө базарда анын баасы 19 миллион сомду түзмөк.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары уланууда.