Алып баруучу Эрмек Нурбаев YouTube видео сервисинин күмүш баскычын алды

Шоумен өзүнүн онго жакын каналына түрдүү мүнөздөгү видеороликтерди жарыялайт
Sputnik

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Белгилүү алып баруучу жана "Тамашоу" юмордук шоусунун негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев YouTube видео сервисинин күмүш баскычын алды. Бул тууралуу ал өзү Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Нурбаев өзүнүн онго жакын каналына түрдүү мүнөздөгү видеороликтерди жарыялайт. Алардын арасында кыргыз коомчулугуна ылайыкталган Tamashow Production, En Channel 7 жана Nurbaev's Life каналы бар. Шоумен өз каналдарын 2015-жылдан бери иштетип келет.

"YouTube видео сервисинин белегин эки күн мурун алдым. Жакында дагы бир каналым 100 миңдик көрсөткүчтөн ашат. Буюрса эки-үч жылда миллиондук аудиторияны камтыйт", — деди Нурбаев.

YouTube видео сервисинин күмүш баскычы автордун каналына катталгандардын саны 100 миңден ашканда берилет. Буга чейин мындай сыйлыктарды мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов, видеоблогер Нурбол Эрланов жана кулинардык блогер Абдулазиз Салават татыган.