Бейшембиге карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет
Sputnik

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Бейшемби күнү кээ бир тоолуу райондордо жана Нарын облусунун айрым жерлеринде бир аз кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Үч күндөн бери уктай элекпиз! Ызгаар сууктан ооруканалар кантип чыкты
Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй жана Талас өрөөндөрүндө 1 градус сууктан,4 градуска чейин жылыйт. Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткенде күн 5 градус жылыса, Ысык-Көл облусунда 4 градус сууктан, 1 градуска чейин жылуу болот. Нарын аймагында болсо сууктун күчү —6…-11 градуска чейин жетет.

Бишкек шаарында күн ачык болуп 2…4 градус жылыса, Ош шаарында 1…3 градус нөлдөн жогору.