Ай башкача толо баштады! Асманга көз салабыз

Бүгүн 22.00дө кыргызстандыктар сейрек кездешкен астрономиялык кубулушка күбө болушат
Sputnik

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Кыргызстанда саат 16.51ден тарта толгон айдын тутулуусу башталат. Астрономиялык бул тутулуу жергиликтүү убакыт менен саат 22.08ге чейин уланат.

Жума аягына чейин аба ырайы кандай болот
Бул тутулуу өзгөчө мааниге ээ. Себеби, Ай Жерге болушунча жакындап келет да, анын диаметри 8 сантиметрге чейин чоңоюп көрүнөт. Биздин планета жандоочусун тосуп калат да, ал кочкул кызыл түс менен көрүнөт. Айдын кыпкызыл болуп толушу 2018-жылдын 2-январында болуп, бирок аны кыргызстандыктар толук көрө алышкан эмес.

Айдын мындай толушу — астрономиялык кубулуш. Ай менен Жердин бири бирине абдан жакын, 362 миң чакырымга чукул келиши сейрек учурлардан.