Радио

Абдылдаева: дары ичпей эле туура тамактануу менен ооруну жеңсе болот

Улуттук фтизиатрия борборунун дарыгери Гүлайым Абдылдаева дары ичкенде адамдын боору менен бөйрөгү кыйналарын айтты
Sputnik
Абдылдаева: дары ичпей эле туура тамактануу менен ооруну жеңсе болот

Дары ичпей эле туура тамактануу менен ооруну жеңип кетсе болот. Бул тууралуу дарыгер Гүлайым Абдылдаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, суукта курамында белок менен углевод көп азыктарды жеш керек.

"Бардык ооруларга чалдыкканда дары-дары дей беребиз. Ошол дарыны ичсек эле айыгып кетчүдөй сезилет. Бирок дары ичпей туруп туура тамактануу менен ооруну жеңип кетсе болот. Туура тамактануу менен оорунун алдын алса болорун унутпаш керек", — деди Гүлайым Абдылдаева.

Ал дары ичкенде адамдын боору менен бөйрөгү жабыркай турганын кошумчалады.