"Ош" базарынын кире бериши өрттөнүп жатат

Учурда төрт өрт өчүрүүчү бөлүм иштеп жатат
Sputnik

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Бишкек шаарындагы "Ош" базарынын кире беришиндеги күркө өрттөнүп жатат. Бул тууралуу күбө билдирди.

"Ош" базарында ири өрт чыкты. Видео
Алдын ала маалыматтар боюнча күркө базардын оң тарабында жайгашкан.

Өзгөчө кырдаалдар минситирлиги аталган маалыматты тактап жаткандыгын билдирди.

Ал эми Өрт өчүрүү кызматы жеринде төрт өрт өчүрүүчү бөлүм иштеп жаткандыгын айтты.