Коюу түтүн, жандалбастаган соодагерлер. "Ош" базарда чыккан өрттүн видеосу

Борбор калаадагы "Ош" базарында ири өрт чыгып, бир нече соода күркөлөрүн каптады
Sputnik

Фотофакт: өрт чалган "Ош" базардын асмандан көрүнүшү
Кырсык болгон жерге сегиз өрт өчүрүүчү автоунаа келип, иштеп жатат. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок. Тез жардам кызматы да иштеп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов өрт электр зымдарынын биригип калышынан улам чыгышы мүмкүн экенин айтты.

Соодагерлер товарларын сактап калуу үчүн бардык аракеттерин көрүүдө. Милиция дагы аймакты көзөмөлдөп, коомдук тартипти сактоого аракет кылууда.

"Ош" базары тарапта жашагандардын айтымында, электр жарыгы өчүп калды.

Өрт чыккан жерге жакын жайгашкан соода күркөлөрүндөгүлөр менен банктын кызматкерлери коопсуз жайга чыгарылды.

"Ош" базарында учурда эмне болуп жатканын тексттик трансляциядан окуңуздар>>